Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чек арачыларды 28-майда белгилене турган кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 27-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
"Мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат. Ал эми чек арачынын кесиби татаал жана жооптуу. “Чептен эрдин күчү бек” демекчи, чек арачы болуу Мекенге чексиз берилгендикти жана чыныгы кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат.
Кыргыз чек арачылары жайды жайлай, кышты кыштай, күн-аткезчилик, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү менен күрөшүү – бул бүгүн чек арачылар аткарып жаткан иштердин бир чети эле. Жарандардын коопсуздугун камсыз этүү, мамлекетибиздин экономикалык кызыкчылыктарын коргоо – чек ара кызматынын ишинин эң башкы багыттарынын бири. Мына ушул ишти натыйжалуу жана ак ниеттүүлүк менен аткаруу өнүгө баштаган экономикабыздын мындан ары карай өр алышына жакшы өбөлгө болууга тийиш.
Коңшу мамлекеттер менен кызматташуу сыяктуу эле эл аралык интеграциялык бирикмелердин алкагында да өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүү, чек араны коргоонун жаңы формаларын жана ыкмаларын, коргоонун техникалык каражаттарын кеңири киргизүү зарыл. Кыргыздын чек арасы ишкердүү, маданий-гуманитардык кызматташуулар жана чек ара боюндагы достук байланыштар үчүн ачык болушу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек.
Урматтуу чек арачылар!
“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дегендей, мамлекеттик чек арада кызмат өтөгөндөрдүн катарында өмүрү кылдын учунда турса да, милдетин так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим, жерим деп соккон чыныгы азаматтар көп. Кыргыз эли сиздер менен сыймыктанат!
Ардагер чек арачыларды өзгөчө жылуу куттуктагым келет. Сиздер бүгүн ардактуу эс алууда жүрсөңүздөр да, чек ара үчүн күйүп-бышып, бай тажрыйбаңыздарды болочок чек арачыларга үйрөтүп, аларды татыктуу тарбиялоого баа жеткис салым кошуп жатасыздар. Оор кызматтын ысык-суугун тең бөлүшүп, сиздерге өбөк-жөлөк болуп жүрүшкөн чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем. "Чек арачы – мамлекеттин күзгүсү", - деген сөз бар. “Чек арачы” деген кесипти ыйык тутуп, парзын ар-намыстуулук менен аткарып жатышкан бардык мекенчил азаматтарга бекем ден соолук, бакубатчылык, зор бакыт, албан ийгиликтерди каалайм! Сүйүктүү Кыргыз жерибизде ар дайым тынчтык, биримдик жана ынтымак-ырашкерлик орносун! Кыргыз чек арасы достуктун, шериктештиктин жана кызматташуунун чек арасы болсун!"