Ош жана Чолпон-Ата шаарларын суу менен камсыз кылуу системин реабилитациялоо боюнча макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү документке 27-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан каржыланат.
Макулдашуунун максаты аталган шаарлардагы суу менен камсыз кылуу системин жакшыртуу. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган. Расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Айта кетсек, буга чейин Ош шаарында калкка таза суу жеткирүүдөгү көйгөйлөр айтылып келген. Жамгыр жаап же сел жүргөндө Ак-Буура суусу булганып, шаарда таза суу токтоп каларын шаар тургундары билдиришкен. Ошондой эле шаардагы суунун запасы чогулган жайдын үстү ачык болуп, жамгыр жааганда таза суу чыга турган түтүктөрдөн кир суу чыгып шаардыктар суусуз калган учурлар болгон.