Канаданын Эдмонтон аэропортунда робот ылаачындар иштеп башташты. Бул тууралуу Hi-News басылмасы жазып чыкты.
Аэропорттордо учактын кыйроолоруна ар кандай канаттуулар себеп болушу мүмкүн. Андыктан айрым аэропорттордо аларды жолотпоо үчүн ар кандай тоналдуулуктагы үндөрдү, лазердик аспаптарды же "эреже бузган" канаттууларды кармоочу "ылаачындар кызматын" колдонуп келишет. Ал эми Эдмонтон аэропортунда бул ишке робот ылаачындарды колдонуп башташты.
Робот ылаачындар чыныгы ылаачындыкындай түскө боёлушкан жана учуусу да дал өзүнүкүндөй. Жүргүзүлгөн эксперименттердин алкагында канаттуулар алардан кооптуу жырткычтан качкандай качышары аныкталган. Робот ылаачындар саатына 80 километр менен уча алышат, аларды атайын аспап менен аралыктан башкарса болот. Роботторду чыгарган Clear Flight Solutions компаниясынын президенти Нико Нийенхуис айтымында, робот ылаачындар айыл чарба тармагында да колдонулуп жатканын айткан.