Кыргыз Республикасынын бир катар аймактарында 28-майда жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. 214 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, аталган тилкелер боюнча каттоого алынган шайлоочулардын жалпы саны 272 114.
Жергиликтүү кеӊештин депутаттары шайланчу айыл округдары:
- Кадамжай районунун Совет айылы.
- Аксы районунун Кара-Жыгач, Кара-Суу, Жерге-Тал айылдары.
- Сузак районунун Кызыл-Туу айылы.
- Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Кара-Жал айылдары.
- Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылы.
- Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдары.
- Тоӊ районунун Улахол айылы.
- Араван районунун Юсупов айылы.
- Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылы.
- Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош айылдары.
- Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылы.
- Жайыл районунун Полтавка, Красновосточный айылдары.
- Кемин районунун Көк-Ойрок, Кызыл-Октябрь, Кара-Булак айылдары.
- Москва районунун Александровка, Төлөк айылдары.
- Сокулук районунун Орок, Ново-Павловка, Фрунзе, Кызыл-Туу айылдары.
- Токтогул районунун А.Сүйөркулов айылы.
- Алай районунун Бүлөлү айылы.
- Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылы.
- Талас районунун Жерге-Тал айылы (2 округ).
- Панфилов районунун Курама айылы.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Ош облусунун Ноокат, Баткен облусунун Кадамжай, Айдаркен, Чүй облусунун Кара-Балта, Кемин шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт.