SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Энесин көрүп, кызын ал" деген сөздүн канчалык мааниси бар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Досум татынакай болгон кыз менен сүйлөшүп жүрүп анан үйлөнгөн, бирок экөөнүн жылдызы көпкө жанган жок. Себеби мурун сүйлөшүп жүргөндө ата-энеси "ал кызды алба, апасы бир айылды тажаткан ажаан аял" дегенине карабай ал кызга үйлөнгөн. Чындыгында кийин ошол кыз дал энесиндей ажаан аял болуп чыкты, мага бир ой келди, кыргызда жакшы сөз бар го "энесин көрүп, кызын ал" деген сөздүн канчалык бир деңгээлде чындыгы бар окшойт".
"Үй-бүлөдө баланы көбүнчө энеси тарбиялайт эмеспи, анын үстүнө генетика деген балээ да бар. Ошондуктан бул сөз туура деп эсептейм. Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат. Үйдө энесинин мамилесин сиңирип калгандан кийин, ушул туура деп эсептей берет. Анын үстүнө көп тарбияны балага айтып эмес, өзүбүздүн жүрүм- турумубуз менен беребиз. Бардык элестер кааласаң-каалабасаң да кала берет".
"Жакшы макал, бирок ар дайым эле андай эмес. Мисалы, апам жылдыздуу, адамдарды өзүнө тартып турат, мен, тескерисинче, жүрөгүн түшүрөм. Апам тамакты жакшы жасайт, мен жумуртканы күйгүзбөй бышырганыма кубанам. Ал көпкө таарынат, мен дароо урушсам да, 2 мүнөттөн кийин сүйлөйм. Үй ишине аябай тың, а менин ага шыгым жок. Айта берсем толтура, ошон үчүн апамды көрүп алышып, мени сурай беришет, апам аларга "кокуй, кызым андай эмес" дегенден тажабай жүргөн мезгили".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.