Кыргыз Республикасынын бир катар аймактарында 28-майда жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Аксы району боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 20 пайызы гана добуш берди. Мындай пассивдүүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Сманалы Айтматов "жарандардын көбү жайлоого көчүп кетишти" деп түшүндүрдү. Шайлоого керектүү электрондук жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жатканын, эч кандай техникалык мүчүлүштүк жок экенин айтат Айтматов.
Эскерте кетсек, Аксы районундагы 3 айыл өкмөттө жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Алар: Кара-Суу, Кара-Жыгач жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрү.