Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында бүгүн, 28-майда жергиликтүү кеӊештин депутаттары шайланат. Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Мамасалы Маматалиевдин маалыматы боюнча саат 13:00гө карата шайлоочулардын 25 пайызы добуш беришти. Кечке чейин добуш бергендер 50 пайызга жетери күтүлүп жатканын кошумчалады комиссиянын өкүлү. "Азырынча баары жакшы, жабдыктар өз нугунда иштеп жатат. Эл жазгы иштер менен алек, ошентсе да кечке чейин дагы убакыт бар. Шайлоочулардын агымы токтой элек", - деди Маматалиев.
Эскерте кетсек, бүгүн Кыргыз Республикасынын бир катар айылдарында жана шаарларында жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.