Жалал-Абад шаардык кеӊешине 7 партия ат салышып жатат. КСДП, "Республика", "Өнүгүү-Прогресс" жана башкалар. Расмий маалыматка таянсак, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 45 пайыздан ашыгы добуш беришти.
Бул арада Жогорку Кеӊештин депутаты Музаффар Исаковдун (сүрөттө) Жалал-Абаддагы шайлоо тилкесиндеги процесске "байкоо салып" жүргөнү тартылган видео интернетке тарады. Тасмадан депутат барган маалда байкоочулар арасында чыр чыкканын көрүүгө болот. Бир катар интернет колдонуучулары депутаттын шайлоо тилкесинде болушун "шайлоо комиссиясынын ишине басым" деп баалап жатышат.
Ал эми Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева бул боюнча комментарий берген жок.
Музаффар Исаков парламентте КСДП фракциясынан депутат.