14-майда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында депутат Абдырахман Маматалиев Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи Май райондорунун аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Айтымында, аталган райондорго Исхак Раззаковдун жана Чыңгыз Айтматовдун ысымдарын ыйгаруу керек. “150 миң доллар эмне деген акча? Атка минерлер ушундай баадагы унааларды минип эле жүрүшпөйбү. Каржы министрлиги жана мэрия бул иш үчүн каражат табуусу керек”,- деди Маматалиев.
Ал эми аталган комитеттин төрагасы Эркин Алымбеков буларга токтолду:
“Аталыштарды өзгөртүү тарыхый процесс. Биринчи канча каражат кетерин эсептеп чыгыңыз. Раззаковдун жана Айтматовдун ысымдарын түбөлүккө калтыруу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, талкууга коюш керек”.