Өлкөдө жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо аяктады

Өлкөдө бүгүн 33 айылдык, 8 шаардык кеӊештин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоого катышуу үчүн республика боюнча 4423 талапкер катталган. Мунун ичинен айылдык кеӊешке 613, шаардык кеӊешке 198 депутат шайланат. Эртең менен саат 08:00дөн тарта 214 шайлоо тилкеси иштеп, саат 20:00дө эшигин жапты. 41 аймактык кеӊеш боюнча добуш берүүчү жалпы 272 114 шайлоочу бар.

Белгилей кетсек, шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды пайдалануу менен өттү. Жакын арада шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланып баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан