Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоодо 6 партия алдыга чыкты. Алар КСДП, "Республика", "Мекеним Кыргызстан", "Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Таш-Көмүр жаштары" партиялары. Алдын ала маалымат боюнча, "Кыргызстан" партиясы аталган шаардан жетиштүү добуш ала албай калганын SUPER.KG порталына аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы билдирди.
Ал эми Ноокат шаарында биринчиде КСДП, экинчиде "Элдик партия", үчүнчүдө "Республика", төртүнчүдө "Замандаш", бешинчиде "Өнүгүү-Прогресс" партиясы баратат. Азырынча шайлоо протоколдору толук келип түшө элек.
Кадамжай шаарында шайлоого катышкан 7 партия тең 7 пайыздык босоголук чекти басып өттү. Алдыда "Мекеним Кыргызстан", КСДП, "Өнүгүү-Прогресс" партиялары.
Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоодо "Өнүгүү-Прогресс", КСДП партиялары алдыда баратканы белгилүү болду. Кийинки орундарда "Ата Журт", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Республика" партиялары. Саат 22:15ке карата 2 шайлоо тилкесинен протоколдор келе электигин билдиришти аймактык шайлоо комиссиясынан.
Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында КСДП, "Коммунисттер", "Өнүгүү-Прогресс" партиялары алдыга чыккан.
Кемин шаарында КСДП, "Республика", "Патриот" жана "Кыргызстан" партиялары озуп чыкканы маалымдалды.
Кара-Балта шаарында "Эл аман", КСДП, "Республика" партиялары лидерлик кылууда.
Эскерте кетсек, 28-майда 33 айылдык, 8 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Жалпы 41 аймактык кеңеш. 21 кеңешке кезектеги шайлоо өтсө, 20 кеңешке мөөнөтүнөн мурун шайлоо өттү.