ЭЛДИК ВИДЕО: "Баарынан мыкты" балдар долбоорунун кезектеги катышуучусу Нурмухамед Брюс Лини жазбай туурап берди

SUPER.KG порталынын Медиа-портал бөлүмүндөгү Элдик видео рубрикасына "Кыргызстандык 6 жашар Брюс Ли" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник. gul-jana2).

Анда Кыргыз өлкөсүнүн Жалал-Абад шаарынан барган Нурмухамед Ташмаматовдун өнөрүн көрүүгө болот. Нурмухамед Максим Галкин алып барган "Баарынан мыкты" долбооруна 6 жашында барып катышып келген. Долбоордун бул чыгарылышы 28-майда интернет айдыңына таратылды.

Нурмухамед Ташмаматов 3 жашынан тарта каратэ спортунун аталары, белгилүү актёрлор Брюс Ли, Жеки Чан, Жет Ли сыяктуу инсандарды жазбай туурап ийине жеткире аткара алат. Анын каратэ'ге болгон кызыгуусун машыктыруучусу жана атасы ишке ашырып, жол көрсөтүп келишет. Нурмухамед учурда 7 жашта, жеткинчектин нунчак менен кол ойнотуп, Галкинди таң калтырган видеосун Меди-портал бөлүмүнөн көрсөңүз болот.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-05-29 09:20:32
Накта кыргыздын уулу, Нурмухамед азамат! Өнөрлөрүң укмуш экен, актердук чеберчилиги да керемет. Кыргыздын чыгаан таланттуу жигити болуп аман-эсен чоңойсун! Ата-энесине миң алкыш, уулуңар Кыргызстанды дүйнөгө таанытат келечекте кудайым буюрса.
0
raykray
2017-05-29 09:42:33
Азаматсын, толкунданып атып кордук, бейшемби куну жанагы эгиз кыздар чыгат экен(у меня голова болить деп бийлеген)
0
grace
2017-05-29 11:03:17
raykray, Нурпери менен Айпери, Эгиз кыздар 11-июнда болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан