Бангладеште "улгайган" наристе төрөлдү

Бангладештин Дакка шаарында прогерия оорусу менен ооруган наристе төрөлдү. Бул тууралуу жазып чыккан TMZ басылмасы баланы "Бенжамин Баттондун табышмактуу тарыхы" тасмасынын башкы каарманы менен салыштырды. Тасмада Баттондун сырткы келбети убакыттын өтүшү менен карыгандын ордуна жашарат.

Айта кетсек, прогерия (өз мезгилинен эрте картаюу) оорусу – адамды эрте улгайта турган сейрек кездешүүчү генетикалык оору. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө 80ге жакын киши аны менен ооруганы катталган. Улуттук ден соолук институтунун билдиргенине караганда, бул оору менен ооруган балдар адегенде кадимкидей эле көрүнгөнү менен, тез эле салмагы ыкчам жогорулай баштайт. Акыл-эсине жана интеллектуалдык деңгээлине таасир бербейт. Чачтары агарып, тез түшүп калат. Жаш кезинде жүрөк оорусу пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2017-05-29 09:32:15
Кудай сакта
+18
eduardali
2017-05-29 10:26:04
Денен дүркүрөп кететко
+2
Nazikbaigazy
2017-05-29 10:32:01
Кудай сактасын
+3
anelya_kaparova
2017-05-29 10:38:21
Балапан десе, адам баласы "башкача", "өзгөчө" болгондорду жемелеп отуруп, коомчулуктан сырткары чыгарып коюшат. Болгону 13 жыл жашайт экенсин, ошондо дагы жогоркудай, Кудай сактасын деген сөздөрдү гана угуп өтөт.... Тообо кылдым.
+2
Pandora
2017-05-29 11:06:39
Кудайым озу сактасын бала берседа ден соолугу бекем,омуру узун,аоты саны аман,12 мучосу бутун,акыл эси менен,оз ыйман,ырыскысы менен бере корсун.
Журогум ооруп кетти(((
+16
Tansuluu09
2017-05-29 12:12:55
Куранда жазган экенго кыямат кайым жакындаганда наристелер тороло элек каарып , чачы агарып кетет деп
Ден соолугун берсин нааристенин
+3
aliya150715
2017-05-29 15:35:26
ваййй тообааа чын эле каарыган чалга окшош экен
+1
OMURBEK.
2017-05-29 19:54:53
Бенжимен деген кино бар эле торолгондо картан торолуп чонойгон сайын жашарчу
Аягында кайра жаш балага айланып калат

Ошентип бул наристе да чонойсо ден соолугу чыналар кандай болсо да айыгып оз ордуна келсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан