"Ысык-Көлдүн суусуна май куюлган жок. Жөн гана үстүнкү бетин чаң баскан". Мындай маалыматты бүгүн, 29-майда SUPER.KG порталына Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча улук инспектору Максат Кыштообаев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн суусуна май куюлуп жатат деген маалыматтан улам биздин адистер Бостери айыл аймагындагы "Каприз" эс алуучу жайдын жээгиндеги сууну барып көрүштү. Көлгө май куюлуп же болбосо зыяндуу заттар кошулуп жатат деген маалыматты тактадык. Шамалдан улам жөн гана көлдүн бетинин айрым жерине чаң туруп калган. Ошентсе да суудан анализ алып текшерүүгө бергенбиз. Жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ошол эле учурда көлгө жана эс алуучуларга коркунуч жаратпайт", - деп билдирди Кыштообаев.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Көлгө зыяндуу зат кошулуп жатат деген маалымат тарап, колдонуучулар тарабынан талкууга алынган.