1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына "согуш" макамын берүү сунушталды

Баткен ардагерлер бирикмеси 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына "согуш" макамын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда аталган уюмдун төрагасы Канат Бакалов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.

Анын айтымында, “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” мыйзам долбоорунда 26-октябрда Баткен окуясын белгилөө сунушталып жатканын айтты.

“Бул окуядан каза болгондордун саны көп. Мыйзам долбоордо окуядан каза болгон 54 адамдын үй-бүлөсүнө 7 миң сомдон, майып болуп калгандардын жөлөк пулун 15 миң сомго жогорулатуу сунушталып жатат”, - деди ал.

Аталган комитеттин курамындагы депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2017-05-29 12:11:33
Эн туура чечим. Ал жерде кадимкидей согуш болгон. Бир канча жоокерлер курман болушкан.
+3
Samina007
2017-05-29 12:16:34
Аттиң чырактай болгон өмүрлөр кыйылгангоо ал жылдары.мен болгонмун 99-2000жылдары чоң алай направлениясында.ал убакта бизде горная тактика дегенди окуткан эмес окоптон чыга калып эле түз талаада урааа вперёёд деп чуркатканды эле үйрөтүшкөн.азыр баары жакшы.өнүксүн биздин кыргыз армиясы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан