Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 29-майдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов жаратылыш газынын эсептегичи туура эмес эсептеп жатканын айтты. Депутат кышында электр энергиясын “акылдуу эсептегич” туура эмес эсептесе, эми газ эсептегич туура эмес иштеп жатканын айтат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев көгүлтүр отунун эсептегичи боюнча көйгөйлөр тууралуу маалыматтар түшүп жатканын билдирип, азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын айтты. Жакын арада толук маалымат бериле турганын кошумчалады.
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын директорунун орун басары Нурбек Абасканов кышында “акылдуу эсептегичтер” боюнча көйгөй жаралганын айтты. “Ноябрь айында “Сапатком” өчүрүлгөн. “Сапатком” тейлеген 12 миң эсептегичте көйгөй болгон. “Түндүк электрге” 1100 абонент арыз менен кайрылган. Алардын бардыгынын эсептегичтери текшерилген. Көйгөйлөр өз убагында чечилген”, - деди Абасканов.