Дүйшөнбек Зилалиев: "2018-2020-жылдары электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлөт"

2018-2020-жылдары электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

“Кыргыз мамлекетинде электр энергиясынын наркы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе арзан, “социалдык тариф” деп айтсак болот. Ошондуктан анын баасын акырындык менен жогорулатууга туура келет”, - деди ал.

Жыйында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашуу жана "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу каралды. Комитет аталган долбоорлорду жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
berdish
2017-05-29 13:48:39
Элдин канын шимип бүтмөй болдуңар го.
+10
aikokul14
2017-05-29 14:50:28
berdish,шимип)))
-6
tynara81
2017-05-29 13:50:06
Айлык акы да башка өлкөлөрдөн 3-4 эсе аз экенин унутуп коюп сүйлөп атабы....
+14
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-29 14:31:20
Чокунарга которосунорбу кошуна олкодо айлык коп иш коп силерге окшоп курсагын ойлошпойт булар ойлоп атышатго акырынткоторсо билинбейт деп
+14
Tansuluu09
2017-05-29 15:00:08
ГЭС бар болсо, суу бар болсо. Эмне учун кымбаттайт? Тушунбойм....
нефть коп чыккан маммлекттерде бензин газ арзанго.
Бизде бар жок бар , дагыле кымбаттайт...
+11
tynara81
2017-05-29 15:46:04
Супер инфо, сураныч. Ошол Зилалиев деген кишиге суроо узатып көргүлөчү. 5000-7000 сом орто маяна алгандар 3-4 эсе жогорулаган тариф менен электр энергиясына төлөсө маянасынын жарымы кетип калышы мүмкүн. Анан калган акча менен үй бүлөсүн кантип багат. Кандай кеңеш берет экен мындай кырдаалда ал киши.
+9
Alixan-Nookat.2015
2017-05-29 15:48:07
Которулбой арзандоо керек деген сөз угабызбы?
+7
Bahira
2017-05-29 18:16:55
ХХХ кыргыздарды качан камсыздайсынар????Башка мамлекетке салыштырбагыла алар бизден алда канча 50жыл алдыда ХХХ канчалаган оор турмушта жашаган уй-булоолор бар аларчы аларды ким ойлойт????Озунор жирный жашасанар эле болдубу карапайым элди ким ойлоооойт?
+2
admin_media
2017-05-30 12:03:55
Bahira, этика нормаларын сактаңыз!
0
Arlenchik
2017-05-29 19:51:53
Жегичтер которгондон башка эмнени билесинер? арзандады деген кунунор болобу? жаман кыжырга тийип журосунор тарап эле кеткилечи кылган ишинер жок мамлекет мн карапайып элди соруп бутмой болдунар, эмне учун ошо башка мамлекет мн айлык акыны салыштырбайсынар? башка мамлекеттерде оздору ондургон нерселерди бекер кылып атат, а силер арзандатмакты гой бааны которуу мн убарасынар дагы кобуроок жештин айласын таппай, тарап эле кеткилечи элдин кыжырына тийбей.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан