Акыркы бир жума аралыгында өлкө боюнча 2237 кылмыш жана кырсык катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-майдан 28-майга чейин адам өлтүрүү боюнча 6 кылмыш ишинин бети ачылса, 5 тоноочулук, 4 каракчылык, 4 денеге залал келтирүү кылмыштарынын бети ачылган. Ошондой эле 14 зордуктоо, 232 алдамчылык, 72 уурулук, 1 мал уурулук, 1 унаа уурдоо кылмышынын бети ачылган.