Парламенттин тиешелүү комитетинде үйлөрдү кыдырып диний мазмундагы материалдарды таратууга тыюу салуу сунушталууда

Бүгүн, 29-майда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде диний мазмундагы материалдарды таратууга тыюу салуу сунушталууда.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовдон “бул мыйзам долбоор дааватка каршы багытталганбы?” деп сурады.

Эргешовдун айтымында, мыйзам долбоордо даават деген сөз колдонулбаганын айтты.

Ал билдиргендей, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунда үйлөрдү кыдырып диний видео тасмаларды, баракчаларды таратып берүүгө тыюу салынат.

“Өлкө аймагында чыгарылган диний мазмундагы баракчалар, аудио-видео материалдар, электрондук сактагычтар дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизасынан өтүүсү керек. Экспертизанын корутундусу жок болсо, улуттук китеп палатасы тарабынан диний басылмага стандарттык номер берүүгө жол берилбейт. Аталган комиссиянын макулдугусуз менчик экенине карабастан типографияларда диний мазмундагы адабияттарды жана башка сактагычтарды чыгарууга тыюу салынат. Диний мазмундагы материалдар дин таануу экспертизасынан өткөн материалдардын тизмесинин негизинде таратылышы керек”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан