Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды
БШКдан маалым болгондой, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 16-ноябрдан баштап 24-ноябрга чейин созулат. Кошумчалай кетсек, мөөнөтүнөн мурда шайлоого белгилүү себептер менен өз шайлоо участкасында боло албай калгандар кат жүзүндө арыз менен кайрылып катыша алышат.