Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышарын ырастоодон да, төгүндөөдөн да баш тартты. Депутат Прагада "Азаттыкка" маек курган. "Президенттикке талапкер болот делгендердин арасында сиздин да атыӊыз айтылып жатты эле. КСДПнын саясий кеӊеши президенттикке Сооронбай Жээнбековду талапкер кылууну чечти. Бул сиз шайлоого катышпайсыз дегендикпи?" Депутатка ушундай суроо берилип, бирок жоопсуз калды. "Бул теманы кийин, учуру келгенде талкуулайлы", - деди Турсунбеков.
Ал эми Кыргыз мамлекети кандай президентке муктаж экендиги боюнча төрага буларды айтты:
"Биринчи кезекте Кыргыз жериндеги саясий күчтөрдү, элди бириктире турган лидерге муктажбыз. Өлкө 25 жылдын ичинде ар түрдүү экономикалык, социалдык кыйынчылыктарга туш болду. 2 революция болду, булар Кыргыз Республикасынын мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучун көрсөтө турган нерселер. Ушуларды эске алуу менен, өлкөнүн өнүгүшү үчүн эӊ керектүү нерсе - бул саясий стабилдүүлүк. Тынчтык болсо жашоо оӊолот. Ушул багытты көздөп, аракет кылышыбыз керек".