SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмнени акчага сатып алса болбойт?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Төмөнкү ойлорду бир жерден окудум эле:
- акчага саат сатып алсаң болот, бирок убакытты эмес;
- акчага керебет сатып алсаң болот, бирок тынчтыкты эмес;
- акчага китеп сатып алсаң болот, бирок маданиятты эмес;
- акчага сексти сатып алса болот, бирок cүйүүнү эмес;
- акчага канды сатып алса болот, бирок өмүрдү эмес;
- акчага жакшы дарыгерди сатып алса болот, бирок ден соолукту эмес".
"Мындан бир кылым мурда, тагыраак айтканда, 1910-жылдын 6-октябрында орустун улуу жазуучусу Лев Толстой "Нобель" сыйлыгынан баш тарткан экен. Эмне үчүн деп сурашканда "акча адамды бузат, талант акча менен бааланбаш керек" деп жооп бериптир".
"Акча менин жашоомдо өтө көп роль ойнобойт, балким, азырынча... Керектүү каражаттарыма гана жетсе болду. Ал эми мен каалаган нерселердин көбүнчө акча менен сатып ала албайм".
"Акчага жакшы кызды сатып алса болот, бирок жакшы аялды эмес".
"Азыркы заманда акчага баарын: бийликти да, билимди да, ден соолукту да, сүйүүнү да сатып алсаң болот. "Паракорчулук кандай өнүккөнүн өзүңөр билесиңер, акчаң болсо каалаган жумушка отурасың. Жалаң бешке бүтүп, билимдүүлөрдү башкарсаң болот. Анан кантип Кыргыз бутуна турсун? Акчаң болсо, көпчүлүк кыздар сеники же калппы, жигиттер, айткылачы? Ошондуктан, достор, акча бул заманда - баары".
"Акчага амалды (кызматты) сатып алса болот, бирок элдин сый-урматын эмес".
"Мурда "акча чечет, акча болсо баары бүтөт" деген сөздөрдү көп учуратчу элем, силердин жазганыңарды окуп, ойлорум өзгөрдү, баарыңарга рахмат. Ммм, акчаларымды таратып салсамбы?"
"Акчага баарын сатып ала албайсың, бирок көп нерсени чечет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.