КҮНСЕРЕП: Ташиев-Келдибеков-Мадумаров триосунун ыры бүттүбү?

Бүгүн, 29-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө 25 жыл! Бишкекте өткөн майрамдык салтанатка президент Алмазбек Атамбаев катышып, аскер кызматкерлерин жана жоокерлерди куттуктады. Атамбаев армияны күчтөөдө мурдагы эки президент жасабаган ишти жасап, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн бутуна тургузуп койгонун айтып келип: “Кыргыз армиясынын саны да, сапаты да мекенди душмандардан коргоого жетиштүү”, - деди. Чын элеби?

Кыргызда докладдарда, куттуктоолордо, отчёттордо айтылган маалыматтар дайыма эле реалдуулукка дал келе бербейт. Албетте, 2010-жылдан кийин Улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын, аскер кызматкерлерине кам көрүү жакшырды. Аларга үй-жай берилип, акырындап айлык-маянасы көтөрүлүп жатат. Бирок азырынча аскерлердин сапаты жакшырып кетти деп айтууга эртерээк. Тармакта дале толгон-токой мүчүлүштүк, президентти эле эмес катардагы ар бир жаранды ойлондура турган маселелер бар. Аскердик бөлүктөрдө жоокерлердин сырдуу өлүмдөрү, “дедовщина” тыйыла элек. Шектүү өлүмдөр боюнча ачылган кылмыш иштери сотко жетип, кайсы бир погончон жетекчинин жоопко тартылганын уккан-көргөндөр жок. Куралды этиятсыз колдонуудан каза тапкан жоокерлер канча. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Ошто аскер кызматкери куралды этиятсыз колдонуп 1 жоокерди атып алды. Май айында Жалал-Абаддагы аскердик бөлүктөрдүн биринде кокустуктан бир жоокер экинчисин унаа менен сүзүп өлтүрдү. Мындай окуяларды да жоокерлердин сапаты менен байланыштырууга мүмкүн. Күч органдарынын иши элге жакшы тааныш. 2015-жылы Чүйдөгү №50-СИЗОдон кылмышкерлер качканда бир КамАЗ күч кызматкерлери барып, колунда 1 бычагы бар кылмышкерди тирүү кармай алышпай, атып ташташкан. Мекендин ички-тышкы коопсуздугун коргоочулардын чыныгы абалы ушундай кыйчалыш учурларда билинет...

Ташиев-Мадумаров-Келдибеков тандеминин атынан президенттик жарышка Ахматбек Келдибеков аттанабы? Келдибеков өткөн аптада Алай эли менен жолугушуп, анда президенттик шайлоого катышарын жар салганы жөнүндө маалымат тарады. Экс-спикер өзү же анын тендемдештери маалыматты тастыктай элек.

Алайда эл менен жолугушууда эмне иш, эмне чечим болсо дагы ал Адахан Мадумаров менен макулдашылбаган иш экендиги түшүнүктүү. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери окуя тууралуу “Келдибеков менен сүйлөшмөйүнчө бир нерсе дей албайм” деп чектелүүдө. Аталган 3 саясатчы бириккенде “президенттикке Мадумаровду чыгарышат” деген жоромолдор айтылган эле. Президенттик шайлоого карата ММКлар жүргүзүп жаткан сурамжылоолордо да үчөөнүн ичинен Мадумаровдун рейтинги жогору болуп жатышы да жогорудагы жоромолдорду бекемдеп жаткан. Бирок ишенимдүү булактар “Мадумаровдон башка талапкер болорун” билдиришти. Ташиев, Келдибеков үчөө теӊ партия түптөп, лидер болуп жүрүшкөн саясатчылар. Ташиев менен Келдибековдун партиясы шайлоодо жеӊип парламентке өтсө, Мадумаровдун партиясы өтө элек. Ал эми президенттик шайлоого Мадумаров да, Ташиев да катышып көргөн. Аламан байгеге Келдибеков чыгат сыяктанат. Ошол эле учурда тандемдин өмүрү бүткөнүн, 3 саясатчы тил табыша албай калганын айткандар дагы бар. Өлкөнүн ичи-тышында мекендештер менен байма-бай жолугушууларды өткөрүп, Кыргыздын келечегин талкуулап келе жаткан Мадумаровду президенттик жарышка түшөт деп күткөндөр арбын. Мадумаров өзү ар кандай тандемдин бекемдигине кепилдик берүү кыйын экенин, саясаттан баарын күтүүгө болорун бир нече жолу айтканы бар. Эгерде Келдибековдун “президенттикке катышам” деген ниетин үчилтиктин бири болгон Мадумаров уга элек болсо, демек, биримдик ыдырап, өз жолу менен кетишти деп кабыл алууга болот...

Кыргыз жеринде 41 аймактык кеӊешке депутаттарды шайлоо өттү. 8 шаардык, 33 айылдык кеӊештин депутаттары шайланды. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан Жалал-Абад шаардык кеӊешине кайрадан 5 партия өттү. Алдыда “Өнүгүү-Прогресс” партиясы, калгандары КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Ата Журт” жана “Республика” партиялары. Бийлик партиясы бул шаарда “Өнүгүү-Прогресске” утулду.

Жалал-Абад шаардык кеӊешине мурунку шайлоо 2016-жылдын декабрында өтүп, 5 партия мандат алган. Бирок фракциялар мэр жана шаардык кеӊештин төрагасын шайлоо боюнча тил табыша албай, КСДП менен "Кыргызстандын" депутаттары жыйынга атайы келбей коюшуп, акыры тарап кеткен эле. Бакыт Төрөбаев республикалык деӊгээлдеги лидерге айланып баратат, өз аймагында да лидер экени шайлоолордо далилденүүдө. Бийлик партиясына бул көрүнүш жакпай, ар кандай шылтоолор менен ага бут тосуу жолдорун издөөдө. Бул жолку шайлоо жыйынтыгы мурункудан кескин айырмаланбайт, өткөн шайлоодо жеӊген 5 партиянын төртөөсү кайра келди. Алар: "Өнүгүү-Прогресс", КСДП, "Ата Журт" жана "Республика" партиялары. Аткарган иши, идеясы же лидерлери элге тааныш эмес “Мекеним Кыргызстан” партиясы көп аймактарда жеӊишке жеткени белгилүү болду. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" КСДПнын клону деген ойлор көп айтылган. Ошондо бийлик дагы бир долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып жатабы? Анткени элге кеңири таанымал эмес адамдардан куралган "Мекеним Кыргызстан" борбор шаар Бишкектен тартып, аймактарда ийгиликке жетип таң калтырууда. Эл ичинде ал партияны президенттин жакын адамы Икрамжан Илмияновдун ысымы менен байланыштырышууда.

8 шаардын ичинен бийликтин партиясы өтпөй калган бир дагы шаар болгон жок. Бул жолу деле шайлоочуларды унаа менен ташымай, акча сунуштоо өӊдүү аракеттер болгону интернет желесинде айтылып, жазылып жатты. "Шайлоо учурунда мыйзам бузулду" деп кайсы бир шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган учур Кыргызда жокко эсе. Даттануучулар айтып, арызданып эле кала беришет. Ага карабай БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматынын адаттагы жообу көпчүлүккө жакшы тааныш – “Шайлоо олуттуу мыйзам бузууларсыз өттү”, - дешет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан