14-майда Ош облусундагы кесиптик лицейлердин арасында "Жылдын мыкты мугалими" аныкталды. Сынакка облустун бардык аймагынан 15тен ашуун мугалим катышышты. Калыстар тобунун чечими менен жыйынтыгында №12-кесиптик лицейдин мугалими Молдокулова Элина жана №59-кесиптик лицейдин мугалими Майнаев Асан жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына акчалай сыйлыктар, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Женүүчүлөр кесиптик лицейлер арасында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык "Жылдын мыкты мугалими-2013" кароо сынагына катышууга укук алышты.