Татарстанда “Новая Тура” соода борбору өрттөнүп, 500дөй кыргыз жараны банкрот болду

13-майда Татарстандын Казань шаарындагы “Новая Тура” соода борбору өрттөнүп, 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген базар жана кампа күйүп кетти. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Каптаган жалынды токтотууга 300дөй өрт өчүрүүчү кызматкер, 70 өрт өчүрүүчү унаа жана 1 тик учак иштеди. "Каза болгондор жана кыйроолор жок",- деп билдирет аталган шаардын өрт өчүрүү кызматы. Кырсыктын келип чыгуу себеби учурда такталууда. 

Татарстандагы “Ынтымак” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бейшенбек Муканбетовдун маалыматы боюнча, базарда болжол менен 500гө жакын мекендешибиздин соода орундары бар болчу. Алардын ар бири болжол менен эң аз дегенде 2-3 миллион рублга банкрот болушту. Эске сала кетсек, “Новая Тура” соода борбору 2012-жылдын аягында ишке кирип, анын ичинде 14 500 соода оруну жана 13 600 унаа коюучу жай бар болчу. 

13-май. Өрт. "Новая Тура" Базары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vavilon
2013-05-15 11:59:14
жаман болгон экен кыргыз эптеп жанын багып атканда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан