Москвада жандандыруу бөлүмүндө жаткан өспүрүм 3 жылдан бери оору менен күрөшүүдө

Ош шаарынын тургуну 17 жаштагы Мухидин Ибрагимов 3 жылдан бери оору менен күрөшүп келет. Ага Кыргыз жеринде баш мээсиндеги залалдуу шишикти алуу үчүн 4 ирет операция жасалган. Жыйынтыгында бейтаптын абалы турукташкан эмес. Ал учурда Орусиянын Москва шаарындагы Европалык медициналык клиникалык бейтапканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат. Каарманыбыздын ата-энеси дарылоо үчүн учурда каражат жетишсиз болуп жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Москва шаарына келгенден бери 1 500 000 миң сомдон ашуун каражат короттук. Эми гана уулубуз жакшы болуп келе жатканда акчабыз жетпей калды. Мухидин биздин жалгыз балабыз болчу. Көпчүлүк жардам кылып, баламдын ден соолугун чыңдоого жардам беришин сурайт элем. Бизде такыр мүмкүнчүлүк болбой калды. Анткени тез аранын ичинде уулума операция жасатуу зарыл болуп турат", - деп билдирди каарманыбыздын атасы Тажидин Ибрагимов.

Мухидин Ибрагимовду дарылоого 600 миң сомдон ашуун каражат талап кылынууда. Мындай каражат анын ата-энесинде жана жакын туугандарында жок болууда. Учурда каарманыбыздын ата-энеси бейтапкананын коридорунда жатышат.

Мухидин Ибрагимовдун ата-энесинин байланыш номуру: +7926-354-64-02;

Рахманов Турсунали Шайдиллаевич жакын тууганы. Тел: +7969-139-04-86; +7999-828-34-11;

Акча которуу үчүн сбербанк карта номер: 5469 4000 3174 2906;

Кыргыз ЭлСОМ: 0550 77 44 25.

Москвада жандандыруу бөлүмүндө жаткан өспүрүм
Баласынын ден соолугун тилеген ата
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Gulnur1980
2017-05-30 11:25:22
Ылайым эле айыгып кетсин!
+9
KaiMak
2017-05-30 17:18:05
Иий классташ балам го..
0
bond
2017-05-30 11:40:36
Москвада кимде мумкунчулук болсо колдоп акча которуп койолук.
+12
Ma9
2017-05-30 12:06:01
Аллах шыпасын берсин эч Ким оорубасын
+7
Begimai85
2017-05-30 13:41:36
Кечиресиздер номерин таптып корбоптурмун
+1
asil-08
2017-05-30 14:24:54
Бай болгонумда баардык ооруган адамдарга жардам бермекмин, аттин деп кана кала берем ооругандарды корсом
+1
Samat1992SM
2017-05-30 14:27:58
Аллахым ыйык Рамадан айында оз шыпасын берсе экен!!!
+4
Aisuluu22
2017-05-30 21:01:36
Эээ жараткан Алла шыпасын берсин боорум ооруп козумо жаш алдым .Сакайып кетсин Жараткан Алладан суранам.Эч ким оорушбаса экен.
+1
tynkatar03
2017-05-31 12:01:20
Метро поспекти мирада экен ошол жерден атасына чалсанар чыгат эми озулоруно жоолугам десенер Евразийский клиника дегенден. Кыйын эле абалда экен тууганыбыз. Колдон келгенин аябайлы туугандар!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан