Парламент комитети президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоо боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды

Бүгүн, 30-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоого багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунда саясий партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу нормасы дагы каралган.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Дастан Бекешев (КСДП), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Мирлан Жээнчороев (“Республика - Ата Журт”), Үмбөталы Кыдыралиев (“Республика - Ата Журт”), Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”), Таалайгүл Исакунова (“Өнүгүү-Прогресс”), Мирлан Бакиров (“Өнүгүү-Прогресс”), Алтынбек Жунус уулу (“Өнүгүү-Прогресс”), Алмасбек Акматов (“Бир бол”) жана Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”). Ал эми президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан