Чүй облусунда катуу шамалдын чыгымы эсептелип жатат

Чүй облусунда катуу шамалдын чыгымы эсептелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 29-май күнү саат 18:20дан 19:05ке чейин Кара-Балта шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 16-28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Жабыркагандар болгон эмес. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.

"29-май күнү катталган катуу шамал боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. Гоголь көчөсүндөгү №45-үйдүн чатырын, Коврошиков көчөсүндөгү №24-үйдүн чатырын жараксыз кылган. Ошондой эле Оторбаев көчөсүндөгү №34, №36-көп кабаттуу үйлөрдүн шиферлери учуп, жолдо токтоп турган Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү жеңил унаанын айнегине шифердин сыныктары түшкөндүгү аныкталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zinazima
2017-05-30 13:15:25
Панфиловка тынч бекен?
0
Samat1992SM
2017-05-30 14:24:01
Кечеги Москва да болгон каттуу шамал Кыргызстанга да жеткен экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан