Бишкекте катуу шамалдан улам трансформатордун чатыры кулап, жеңил унааны басып калды

Бишкекте катуу шамалдан улам трансформатордун чатыры кулап, жеңил унааны басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-май күнү 19:15тер чамасында болгон катуу шамалдан улам “Хаят” мейманканасынын короосундагы трансформатордун чатыры Тойота үлгүсүндөгү жеңил унааны басып калган.

"Шамалдан улам жабыркагандар болгон эмес. Атайын адистердин билдирүүсүнө ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 21 метрге чейин жеткен. Жаратылыш кесепетинен жабыркагандарды тактоо аракети көрүлүүдө", - деп билдирди мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан