Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров ага карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат каражаттарынан окуганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына бүгүн, 30-майда билдирди.
Анын бул кылмыш иши боюнча маалыматы жок экенин белгиледи. Ошондой эле бул маселе боюнча суракка чакырылбаганын айтты.
Эске салсак, Башкы прокуратура 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата кылмыш ишин козгогон.
“УКМКнын материалдарынын негизинде Башкы прокуратура 29-майда Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын депутаттары Чудинов жана Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоду. Алар өкмөт мүчөлөрү болуп турган маалда 2009-2015-жылдары “Унаа сыноо станциясы” ачык акционердик коомуна 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган деп айыпталууда. Козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзөт”, - деп билдирген башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдраманов.