Samsung чоюлма дисплейинин видеосун көрсөттү

Өткөн аптада Лос-Анжелес шаарында Society for Information Display 2017 аталышындагы жыл сайын өтүп туруучу көргөзмө уюштурулду. "Мында учурдун талаптарына төп келген дисплей аттуулардын жаңы үлгүлөрү көрсөтүлдү", - деп жазат Theverge маалымат булагы. Анда Samsung компаниясы өздөрү иштеп чыккан чоюлма, бүктөлмө дисплейдин үлгүсүн чагылдырган видеону сунушташты.

Аталган дисплей бир нече инновациялык өзгөчөлүктөрдү камтый турганын айтышат. Алсак, 1,96 дюйм LCD-дисплейи стереоскопиялык 3D форматын камтыйт. Тактап айтканда, бул чоюлма дисплей аркылуу 3D форматтагы тасмаларды атайын көз айнек кийип отурбастан эле түз көрүүгө болот. Samsung Display жарыялаган видеодо 91 дюймдук OLED-панелди алдынан басып көрүштү. Ооба, анда экран чоюлуп жатат, муну менен катар дисплей сынып да кеткен жок. Ал эми андагы видео үзгүлтүксүз ойнотулуп жатат. Экранга болгон басымды коё бергенде дисплей баштапкы абалга келип калганын көрүүгө болот.

Samsung мындай дисплейлерин смартфон, планшет, сыналгыбы же башка кайсы жеринде колдонорун ачыктай элек. Такталбаган маалыматтар боюнча смартфондор үчүн колдонулушу мүмкүн дешүүдө. Себеби күнүмдүк жашоодо негизги орунду ээлеп калган смартфондордун экрандары көп сынып, кардарларга чыгым алып келери талашсыз. Чоюлма жана бүктөлмө дисплейлер дал ушундай негизги ыңгайсыздыктарды жоёт дешет өндүрүүчүлөр.

Samsung чоюлган дисплейлерин көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KAYRATBEK
2017-05-30 21:37:40
Ким эмнени корду? Лично мен эч нерсени корбодум.
+1
allia
2017-05-30 22:08:27
Бул эмне өзү?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан