КҮНСЕРЕП: Башкы прокуратуранын укуругу "Бир болго" жетти

Бүгүн, 30-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламентте "Бир бол" фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду. Депутаттар “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине таянсак, 2009-жылы премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругуна ылайык өкмөттөн “МИС” ишканасына 200 миллион сом ссуда мыйзамсыз берилген. Ошол кезде аталган ишканада Чудиновдун кайненесинин жана Жапаровдун жубайынын үлүшү болгон. Бүгүнкү күндө аталган ишкананын 95 пайыз акциясына Акылбек Жапаровго байланышы бар адам ээлик кылары айтылды. Ишкана 200 миллиондук ссуданы кайтара электиги, Экономиканы өнүктүрүү фонду 2 жолу ал карызды төлөө мөөнөтүн артка жылдырып бергени белгилүү болду. Кылмыш ишинин алкагында мурдагы айыл чарба министрлери Таалайбек Айдаралиевдин, Чыӊгысбек Узакбаевдин да ысымдары аталууда.

Негизи кызматта турганда дос-тууганына жан тартып, жеке кызыкчылыктын биринчиге чыгып кетиши Кыргыз чиновниктерине жат көрүнүш эмес. Мисалы, ошол эле Узакбаевдин ысымы коррупциялык иште буга чейин да аталган. 2014-жылы ага кылмыш иши козголуп, кийин райондук сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Экс-министр бир тууганынын дыйкан чарбасына мыйзамсыз 419 миӊ доллар кредит берүү боюнча кол алдындагыларга буйрук берген деп күнөөлөнгөн. Чудиновдун таржымалы деле таптаза эмес, буга чейин кылмыш ишинин фигуранты болгон. Бирок жазадан "аман калууда". Жапаров менен Чудинов ачылган кылмыш ишин “оппозицияга куугунтук” деп, кылмыш ишине саясий түс бере алышпайт, анткени “Бир бол” фракциясы парламенттеги коалицияда. Салянова, Исаев, Иманалиев өӊдүү депутаттардан айырмаланып булардын парламенттен бийликке ачуу сындарды айтып, тескери сүйлөгөнү деле көрүнбөйт. Президенттикке ат салышат элек деп жол талашкан жери жок. Бийлик өзүнө ыӊгайсыз саясатчылардан арылууда, жөн эле арылбастан, "оппозицияны эле эмес, бийликте тургандарга деле кылмыш ишин ачып, коррупция менен күрөшүп жатабыз" деген бонус алганы жатат.

Чудинов убагында Бакиевдер менен тыгыз иштешип, алардын саясатын жүргүзгөн адам. Партиялык тизме деген системдин арты менен 2015-жылы парламентке келди. "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бийликти кескин сындап баштагандан кийин КСДП алардан арылып, "бакиевчилер" орун алган "Бир бол" менен коалиция түзүүгө аргасыз болгон эле. Бирок "Бир болго" мамлекеттик ресурстарды башкарууга жол беришкен жок. Коомчулук көптөн бери бийликти "оппоненттерин куугунтуктап, сындагандарды камап жатат" деп сындап келе жатат. Ошондой айыптан актануу үчүн бийликке Чудиновго окшогон "бакиевчилерди" садага чабууга мезгил жетти. Эртең "мына, КСДПдан деле депутатка, коалициядагы "бир болчуларга" деле кылмыш ишин ачтык" деп актанууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Коррупция менен бийликтин күрөшкөнү абдан жакшы көрүнүш. Бирок күрөш баарына бирдей жүргөндө гана эл ишенет, коомчулук колдоого алат...

Бишкекте “Таза коом” долбоору талкууланган эл аралык жыйын өттү. Ага президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, долбоор боюнча кенен маалымат беришти. Долбоордун максаттарын атап жатып Исаков: “Мамлекеттик органдардын ачыктыгы боюнча мурда Кыргыз мамлекети 90-орунда эле, учурда 35-катарда турат. Мындай өсүш өлкөдөгү реформалардын жыйынтыгы", - деди.

Исаков айткан реформалар жөн гана кагаз жүзүндө экендигин, реалдуулук андай эместигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иши далилдеп берет. SUPER.KG порталы Боинг кырсыгынан кийин ачылган атайын эсепке жардам катары акча которгондордун атын-жөнүн, суммасын тизмелеп көрсөтүүнү сунуштап келе жатат. Бирок министрлик катка өз убагында жооп кайтаруу боюнча мыйзамдын талаптарын көз көрүнө тебелеп жатат. Исаков сыяктуу прогрессивдүү жетекчилердин алдыга жылуу аракети аталган министрликте жок. Элден которулган акчанын баары эсепке алындыбы-жокпу, муну эл, анын ичинде акча которгондор билүүгө тийиш. Мамлекеттик органдардын ачыктыктыгы салыштырмалуу жакшыргандыр, бирок ал чиновниктердин ачыктыкты сүйүп кеткенинен деш кыйын. Мамлекеттик органдардын үстүнөн жарандык көзөмөл күчөдү. Интернет, технология өнүккөн заманда мамлекеттик ишканаларда деле маалыматты жаап-жашыруу кыйындап баратат. Жакында Бишкек шаарында 2 окуучуну автоунаасы менен сүзүп кеткен айдоочунун ким экени социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөр аркылуу бат эле аныкталды. Кармалып, убактылуу камакка алынды. Азырынча өкмөт мактана ала турган жетишкендиктердин бири - мамлекеттик сатып алуулардын онлайн форматка өтүшү. Эл төккөн салыктын эсебинен өкмөттүк органдар кандай буюм сатып алганы жатканы ачык, жалпыга жеткиликтүү формада жарыяланууда. Анда да миллиондорду шамалга сапыруучу сатып алуулар коомдук көзөмөлдүн күчү менен токтотулуп жатат...

29-майдагы катуу шамалдан Бишкекте дарак кулап, 1 автоунааны басып калды. Шамалга учуп түшкөн трансформатордун чатыры дагы 1 автоунааны талкалады. Келтирилген материалдык зыян төлөнүп берилеби, берилбейби сот чечери айтылды. Ушул эле күнү Москвада катуу шамалдан дарактар кулап, чатырлар учуп 14 адам каза тапты.

Былтыр жамгырларда дарактар кулап адамдарды басып калганда мэрия “бул табият кырсыгы, дүйнөдө мындай кырсыктар болуп турат” дегендей кенебес жооп узатканы көпчүлүктүн эсинде. Эми шаар бийлигине Москвадагы кырсык даяр мисал болгону турат. Дарактар кулап, шаардыктар коопсуздукту айтып коӊгуроо каккан маалда гана “Жашылдандыруу” ишканасы кыймылга келип, убакыттын өтүшү менен тынчып калмайы бар. Жакында шаардыктар “мэрия жолду кеӊейтүү шылтоосу менен соо дарактарды кыйып жатканын” айтып чыгып, мэрия муну четке какты. Бишкек бийлиги ишти кайсы бир “кыйындардын” бизнесине же курулушуна тоскоолдук жараткан дарактарды кыюудан эмес, эӊ оболу адам өмүрүнө коркунуч келтирген дарактарды тазалоодон баштаганды качан үйрөнөр экен...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан