Эртең Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн бекитет

Эртең, 31-майда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн бекитет.

Парламенттик жыйындын күн тартибине “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзам долбоору киргизилген. Мыйзам долбоор үчүнчү окууда каралуусу күтүлүүдө. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.

Демилгечи депутаттар Дастан Бекешев (КСДП), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Мирлан Жээнчороев (“Республика - Ата Журт”), Үмбөталы Кыдыралиев (“Республика - Ата Журт”), Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”), Таалайгүл Исакунова (“Өнүгүү-Прогресс”), Мирлан Бакиров (“Өнүгүү-Прогресс”), Алтынбек Жунус уулу (“Өнүгүү-Прогресс”), Алмасбек Акматов (“Бир бол”) жана Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан