Бүгүн, 30-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүнүн жолун асфальттоо иштерин барып көрдү. Өкмөт башчыны транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, калаа башчысы Албек Ибраимов коштоп жүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
"Шагыл-полимер кошулмасы менен мастич асфальт бетондоо технологиясы Германияда 1984-жылдан бери улуттук стандарт катары киргизилген. Бул технология менен курулган жолдор аба ырайынын ысык-суугуна туруштук берет. Биз келечекте бул технологияны өлкөнүн бардык жолдоруна колдонууну пландаштырып жатабыз", - деди Жамшитбек Калилов.
"Республикалык бюджеттен жана донорлордон жолдорду калыбына келтирип, куруу үчүн жетиштүү каражаттар тартылганын жана бөлүнгөнүн эске алуу менен, Транспорт жана жолдор министрлиги курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө менен аны сактоо боюнча чараларды күчөтүүсү керек", - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, 29-30-майда Бишкек шаарында "Кыргыз өлкөсүнүн жолдорунда жаңы технологияларды киргизүү" боюнча илимий практикалык конференция өткөн. Ага КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөттөр аралык Жолчулар кеңешинин өкүлдөрү, чет өлкөлүк компаниялар катышкан. Полимер-мастик-шагыл кошулган асфальт бетондоо аралашмасын көргөзүү технологиясы аталган конференциянын алкагындагы практикалык иш-чаралардын бири болгон.