Нарын. Футзал боюнча Нарын шаарынын чемпиондугу жыйынтыкталды

14-май күнү Нарын шаарында Футзал боюнча Нарын шаарынын 16-чемпиондугу  жыйынтыкталды. Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, Нарын облустук ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Р. Адиев катышты. Белигилей кетсек, бул чемпиондук үчүн оюндар 2013-жылдын февраль, март, апрель айларында ар аптанын ишемби күндөрү өтүп, 35 жашка чейинки курактагы эркектер арасында 21 команда, ал эми 35 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында 6 команда таймашты. Жыйынтыгында 35 жашка чейинки эркектер арасында 1-орунду Нарын облустук өспүрүмдөр спорт мектеби алып, 16000 сом менен сыйланса, 2-орунга Нарын ОИИБи чыгып, 10000 сом, 3-орунга Нарын шаардык күзөт бөлүмү татыктуу болуп 7000 сом менен сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан