Бүгүн, 31-майда парламентте "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов биометрикалык паспорт шайлоо үчүн эле киргизилгенин айтты.
"Биометрикалык паспортто аты-жөнү, туулган күнү эле жазылып жатат. Катталган жери, улуту жана башка маалыматы чипте жазылыптыр. Бүгүнкү күндө ал кишилер банкка кайрылганда улуттук банктын, мыйзамдын негизинде кредит берүүгө же депозит ачууга сөзсүз түрдө банк идентификация кылыш керек. Банктан да катталган жерди текшере турган аппараттар жок. Бул паспорт шайлоо үчүн киргизилген. Эл шайлоо менен эле жашабайт да. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчилери пиар, коррупциядан башка эч нерсе кылган эмес. Премьер-министр бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисин кызматтан албай жатат. Менде башкача ой жаралууда. Шайлоо оюндарыбы деп жатам", - деди Бабанов.
Бабанов биометрикалык паспорт алган жарандардын санын сураганда мамкаттоо кызматынын жетекчисинин орун басары маалыматы жок экенин, бүгүн бул боюнча кат жөнөтө турганын айтты. Депутат эл арасында бул паспорт керексиз деген пикирлер айтылып жатканын кошумчалады.