Бүгүн, 31-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында интернетте чуу жараткан, кызуу талкууга алынган "Албарсты" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Ага тартуучу топтун өкүлдөрү, атайын чакырылган коноктор жана башкалар катышышты. Тасмада Данияр Байкожоев, Тургунай Эркинбекова, Эльдияр Эркинбек уулу жана башкалар роль жаратышкан.
Режиссёр Бакыт Асылбек уулу аталган тасма тууралуу мындай дейт:
"Албарсты жөнүндө кино тартуу идеясы элдики. Буга чейин бир топ адамдар кино тартабыз деп, бирок ишке ашырышкан эмес. Кыргызда коркунучтуу тасма тартуу жайылган эмес, бирок биз тобокелдикке салып, тартып койдук. Тартканга жараша аны жарнамалоо иштерин өзгөчө жүргүзгөнгө аракет кылдык.
Тартуу учурунда коркуп жаттык, бирок "албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп ырдап жаттык. Ошентип бул ырга айланып кетти. Тасма олуттуу драма болгондуктан албарсты жөнүндөгү тамашалуу ырды кошкон жокпуз. Элге жакса, уландысын да тартабыз", - дейт режиссёр күлүп.
Башкы каарман Данияр Байкожоевдин айтымында, бул анын дебюттук тасмасы.
"Бул менин чоӊ кинодогу дебюттук тасмам. Кинодон эмнени ала алдым? Үй-бүлөнү сактай билүү, ага болгон умтулуу зарыл экенин түшүндүм. Тасма тартуу учурунда коркунуч болгон жок, бирок азыр тасманы көрүп жатып корктум. Албетте, баары оӊой болгон жок, кыйынчылыктар да болду", - дейт актёр.
Ал эми башкы каармандын образын жараткан Тургунай Эркинбекова буларга токтолду:
"Нарында кар кете элек, суук кезде тартылгандыктан кыйынчылыктар болду. Ошол учурда чыгармачыл топ бир үй-бүлөгө айландык. Коркунучтуу учурлар болду. Анткени режиссёрдун, баарыбыздын максатыбыз - көрүүчү тасманы көрүп жатканда коркуп, таасирлениши керек болчу. Мээнетибиз, кеткен кыйынчылыктарыбыз акталды деп ойлойм".
"Албарсты" тасмасы жаш, балалуу боло албаган түгөйлөр жетим балдар үйүнөн Улан аттуу кичинекей баланы багып алуусунан башталат. Ал бала үйгө келгенден тарта сырдуу, коркунучтуу өзгөрүүлөр сезилет. Күйөөсү өзүн жоготуп, түшүнүксүз жүрүм-туруму менен аялын, багып алган баласын коркута баштаса, кош бойлуу коӊшусу сырдуу өлүм табат.
Башкы каарман бул өзгөрүүнүн баары албарстынын айынан болуп жатканын билип, баласын сактап калуу үчүн колунан келген аракетин кыла баштайт. Жадакалса мүрзөгө чейин барып, кабырга кирет... Бирок ошол учурда анын артынан да өлүм аӊдый баштаган эле...
Тасма эртеӊ, 1-июндан тарта өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.