Президент Алмазбек Атамбаев “Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекеттик кадр кызматы мыйзам чыгаруучу орган болбогондуктан, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүүнүн тартиби, ошондой эле декларациянын формасы, аны толтуруу, берүү, эсепке алуу жана сактоо тартиби өкмөт тарабынан аныкталары кабыл алынган мыйзамдар менен белгиленет. Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчтөрүнө кирет.