Жарандык активист Ак үйдүн алдына "байкоочуларды куурчакка айлантпагыла" деп митингге чыкты

Бүгүн, 31-майда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына "байкоочуларды куурчакка айлантпагыла" деп митингге чыкты.

"Шайлоо маалында байкоочуларды экиге бөлүп сорттоп жатканына каршымын. Эмне үчүн саясий партиядан барган байкоочулар чоң мүмкүнчүлүккө ээ болуп, бейөкмөт уюмдарынан барган байкоочуларга укуктары азайтылып жатат? Аларды башка адам катары көрүп жатышат. Менин оюмча, бардык Кыргыз жарандары байкоочулар шайлоо маалында эң башкы фигурант экенин жакшы билишет. Шайлоо участкасында эмне болуп жатканынын аягына чейин изилдеп, далилдеп чечим чыгарып берет. Депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев сунуштап жаткан мыйзам долбоору демократияга карама-каршы келет. Алардын мыйзамына таянсак, Кыргыз мамлекетинде шайлоону өткөрүүнүн кандай кажети жок. Анда өздөрүн шайлап өткөрө беришсин", - деди ал.

Ал бейөкмөт уюмдардын мүчөсү эмес экенин айтып өттү.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ага ылайык, саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору белгиленген.

Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы митинг
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirgak_92
2017-05-31 13:06:01
Ушу кишинин башка кылаарга иши жокпу.Эртен менен ойгонсо маанайы жок болсо эле митингге чыгып кетет экен да.Неберелери кийин айтат го э менин чон атам жалгыз митингчи болгон деп.Небере тарбиялап отура бербейби
-4
taku1414
2017-05-31 22:37:33
ушул кишидей олкобуз учун кайдыгер болбосок онугот элек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан