Бишкек шаарындагы Свердлов районунун прокурору адам өлтүрүү иши каралып жаткан соттук отурумга кызын жанына алып отургандыгы үчүн эскертүү алды.
Бул маалыматты SUPER.KG’ге Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алманбет Абдраманов билдирди.
“Маалымат каражаттарына тараган видео боюнча Башкы прокуратура мамлекеттик айыптоочунун жүрүм-туруму боюнча иликтөө жүргүзүүнү Бишкек шаардык прокуратурасына тапшырган. Ал мекемеден ошол соттук ишке кызын кошо ала келген прокурордун жоругу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, Свердлов районунун прокуроруна эскертүү берилди”, - деди ал.
Эскерте кетсек, өткөн жумада адам өлтүрүү боюнча соттук отурумга прокурор кичинекей кызын ээрчитип келгендиги тууралуу видео жарыяланган болчу.