Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.
Жолугушууда министр мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясий багыттарынын приоритеттерин өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди аткаруу иштери, ошондой эле Кыргыз жарандарынын чет жердеги укуктары менен таламдарын коргоо маселелери боюнча мекеменин ишмердиги тууралуу маалымат берди.
Президент Алмазбек Атамбаев чет жердик өнөктөштөр менен ар башка тармактарда өз ара пайдалуу жана конструктивдүү байланыштарды бир калыпта өнүктүрүү үчүн андан ары натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүүнүн маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясий багытын ишке ашыруунун негизги жолдору боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.