Азиз Батукаевдин эжеси Орусияда 17 жылга эркинен ажыратылды

Орусиянын Челябинск облустук соту 30-майда ири өлчөмдөгү баңгизаты менен кармалып, соттолуп жаткан Кыргыз жарандары Яха Батукаева жана Кабылжан Абдурахмановду 17 жылга эркинен ажыратты. Мындан сырткары ар бирине 500 миң рубль өлчөмүндөгү айып салды. Бул тууралуу Челябинск облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сотто Батукаева менен Абдурахманов Челябинсктин Түштүк-Урал шаарында ижарага алган батиринде 28 килограмм героинди сатуу үчүн сактап жүргөндүгү аныкталган. Эркинен ажыратылгандар экөө тең Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундары. Ал эми Яха Батукаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууган эжеси.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны өткөн жылдын январь айында Орусиянын аймагынан Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан 28 килограмм маңзат менен кармалып, экөөнүн соту Челябинск облустук сотунда өткөрүлүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Medical
2017-05-31 14:16:06
Kim al Aziz Botukaev
-16
kychan.98
2017-05-31 14:18:16
Medical,зек
+4
Mumu1986
2017-05-31 14:19:37
Medical, Крим.чойронун эн Кыргызстандагы менмин дегендеринен
+2
bom.bon
2017-05-31 14:19:52
Medical,анын ким экендигин лучще билбей эле тынч жашайбере
+6
mirbek2211
2017-05-31 14:20:53
Medical,Кримтөбөл деп атпайбы.
+5
ukmuw-ukmuw
2017-05-31 18:43:39
mirbek2211,кыргызча жакшы суйлой албайт да
+1
nazi25
2017-05-31 14:28:50
Семейный банда тобу экен да булар
+9
RusMos76
2017-05-31 14:37:28
Россия бизге окшоп жол тандабас менен VIPзалдан узатып койбойт же жалган анализ менен турмодон чыгарып жибербейт.
+21
RusMos76
2017-05-31 15:07:28
RusMos76,Анан аркасынан депутаттык комиссия тузуп алып издемиш болбой.
+8
altyn7776
2017-05-31 14:57:54
Россия Кыргызстан эмес. Бизде баары сатылат да.
+7
Jigit.1982
2017-05-31 15:38:01
Эгер Кытайда болгондо экоону тен олтурмок. Россия дагы жумшактык кылыптыр.
+15
Shaa-82
2017-05-31 15:42:16
Кыргызды баарына жаман атты кылып буто турган болуштуго булар дагы паспортко улуту жазылбаса кандай кун болот эми.
+8
Fidel
2017-05-31 15:52:55
Россия коррупция баткан мамлекеттердин бири! Даже бизден да ашып кетишкен дуйнолук статистика боюнча. Так что скоро окуйсунар турмодон чыгыптыр Деп! Европада болсо другой дела.
-6
Tyty1990
2017-05-31 16:11:23
Ырас болуптур.
+3
salimbek87.kg
2017-05-31 17:02:14
Россияда закон бар ,а бизде болсо колунда жок бечара адамдарга закон бар.А Эгер чиновник же чоондор же ворлор болсо закон токтоп эле калат блиин.
+7
Paolo
2017-05-31 17:34:26
Ошончо бангизат мн КыргызстаНда кармалса акча берип чыгып кетишмек
+4
Shekeev969798
2017-05-31 22:54:28
Paolo,Азиз Батукаевдин карындашымын десе койуп жиберет бизде
+3
Okna
2017-06-01 01:38:16
Миллионер эмес миллярдер болойун деген экенда 28 кг ото чоон акча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан