Эртең, 17-ноябрда Токмок шаарынын 145 жылдыгы белгиленет. Белгилүү болгондой, майрамдык иш-чарада концерттик программа, спорттук ат оюндары, спектакль уюштурулмакчы. Кечинде борбордук аянтта эстрада жылдыздары катышкан дискотека болуп, чоң көлөмдүү майрамдык фейерверк атылмакчы. Айта кетсек, Токмок шаары 1866-жылы шаар статусун алган.