“Түштүк магистралдын жолундагы авариялык абалга келген дарактарды кыюуну сунуштаганбыз”, - деп бүгүн, 31-майда парламентте экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын орун басары Расул Артыкбаев билдирди.
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева түштүк магистралда миңге жакын дарактардын кыйылышына каршы жарандар митингге чыгышканын айтты. Ошондой эле шамал болгондо дарактар автоунааларды басып калганын билдирип, бул боюнча инспекция кандай иш алып барып жатканын сурады.
Расул Артыкбаев Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте иш алып барып жаткандарын белгиледи. “Шамалдан 13-14 дарак кулаган. Көк теректер 30 жыл өтсө дагы сырты жакшы көрүнүп тура берет. Ушундай дарактарды алып салуу сунушталган. Митингге чыккандардын негизги өкүлдөрү бизге келген. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Абалы начар дарактарды кыйып салууну сунуштап жатабыз”, - деди ал.