Быйылкы Орозо айы 9-июлдан 8-августка чейин деп белгиленди. 14-майда өткөн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Чечимге ылайык Орозо айт майрамы 8-август, Курман айт майрамы 15-октябрда, ал эми Кадыр түн 3-августтан 4-августка караган түнү болот.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан мусулмандан дин башкармалыгынын карамагында учурда 67 медресе, 9 институт жана 1 университет бар.