ЖЫЛНААМА, 31-МАЙ: Белгилүү орусиялык ырчы Наташа Королёва 44 жашка чыкты

Белгилүү орусиялык ырчы Наташа Королёва 44 жашка чыкты. Ал 1973-жылы 31-майда Украинанын Киев шаарында туулган. Алгач сахнага 1976-жылы үч жашында балдар хорунда "Крейсер Аврора" аттуу ырды ырдап чыккан. Жети жашында музыкалык мектепке кирген. Ал "Жёлтые тюльпаны", "Дельфин и Русалка", "Маленькая страна" жана башка ырлары аркылуу көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланып, 2004-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон. Ал эми 2013-жылы ноябрь айында сахнадан кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок кийин бул сөз жалган экенин ырчы өзү тастыктап, декабрь айында "Стояла и плакала" клиби менен чыккан.

Жеке жашоосу

Наташа Королёванын биринчи жолдошу композитор, өзүнүн устаты Игорь Николаев болгон. Экөө 1991-жылы баш кошуп, 10 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Көп өтпөй ырчы Тарзан атка конгон бийчи Сергей Глушко менен таанышып, ага турмушка чыккан. Түйгөйлөрдүн Архип аттуу уулу бар.

31-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан