"Мурда мамлекет сыйлык бере турган адамды өзү издечү, азыр адамдар өздөрү сыйлык издеп жатышат", - деп бүгүн, 31-майда парламентте эркин депутат Жанар Акаев билдирди.
Ал бул нерсени тартипке салууну сунуштады. "Сыйлыкты ким берет деп жарандар ак үй, көк үйдө жүрөт. Жогорку кызматта иштегендер да "мен иштеп турганда ушул адам сыйлыктуу болуп калсын" дешет экен. Сыйлык эмгек кылган, мамлекетти алдыга сүйрөгөндөргө берилиши керек. Гезиттер да жылдын мыктыларын аныктап жатышат. Мыкты экономист, юристтер толуп кетти. Бирок мамлекет мыкты болбой жатат. 20-30 жылдан бери сахнада элди маданиятка сугарып жүргөн куудулдарыбыз бар. Аларды сын айтат деп сыйлык эмес, сахна бербей жатабыз", - деди ал.
Учурда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.