Сокулук районунун Крупская айылындагы 6 гектар жердеги таштанды таштоочу жайды жаап, башка жерге көчүрүү үчүн жер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда SUPER.KG порталына Крупская айыл аймагынын башчысы Жеңишбек Эдигеев билдирди.
"Мен айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына келгениме 2 ай болду. Келгенден бери айыл аймактын айланасынан таштанды таштоого ылайык келген жер издеп, азыркы иштеп жаткан жайды жабууну максат кылып жатабыз. Бул боюнча райондук администрация жана айыл аймактын жер комиссиясы иштеп жатат. Жакында айылдын четиндеги Шорго деген жерге барып ыңгайлуу жер таптык. Бирок аралык 28 чакырым узак экен. Эл ошончо узак жерге таштанды таштоого барабы деген маселе болуп жатат", - деп билдирди Эдигеев.
Айыл өкмөттүн маалыматына ылайык, чет элдик инвесторлор келип, таштандыны кайра иштетүү аракети көрүлүүдө. Алар таштандыдан күйүүчү май иштеп чыгып, дыйкандарга сатуу планын көздөп жатканы айтылды.
Эске салсак, буга чейин таштандыдан жагымсыз жыт чыгып, жергиликтүү калкка кооптуу абал жараткан жайды жабууда көйгөй жаралып жатканы айтылган.