Нарын. Облуста учурда 19 банк, 17 микрокредиттик компания иштейт

14-майда Улуттук банктын Нарын облустук башкармалыгында кыргыз сомунун 20 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жана банк тармагынын өкүлдөрү катышты. Шаар мэри банк тармагынын алдынкы кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырып, куттуктоосун айтты. Улуттук банктын Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Сыдыков маалымдагандай, учурда облус аймагында 19 банк, 30 кредиттик бирикме, 10 микрокредиттик агенттик, 17 микрокредиттик компания, 16 микрокредиттик уюм иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан