Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Чанда кездешүүчү альбинос-орангутан" деген видео жүктөлдү (ник: Chupakabra).
Видеодо жүнү, чачтары ак, көзү көгүш түстөгү уникалдуу бир өзгөчө орангутанды көрүүгө болот. Альбинос-маймылды май айынын башында жаныбарларды коргоо уюмунун ыктыярчылары Индонезиянын Борнео аралынан алып келишкен. Тактап айтканда, жергиликтүү тургундар маймылды табият коюнунан кармап алышып, камакта бекитип, кор кылышкан.
Уюмдун ветеринарлары көп жылдык эмгегибиздин учурунда мындай сейрек кездешүүчү альбинос-орангутанды биринчи көрүшүбүз дешкен. Ветеринарлар маймылдын ден соолугун текшерип, алгачкы жардамдарын көрсөтүшкөн. Эми аны жапайы жунглиге кайрадан коё берүүнү пландашууда. Баса, бул уникалдуу ургаачы маймылдын атын Альби коюп алышкан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.